27.08.2018 12:41

Япония Кыргызстанга 308 млн иен бөлүп берди. Каражат кайда сарпталаары белгилүү болду

Япония Кыргызстанга 308 млн иен бөлүп берди. Каражат кайда сарпталаары белгилүү болду

 

Япония өкмөтү «Адам ресурсун өнүктүрүү үчүн стипендиялар программасынын» алкагында Кыргызстанга  308 млн иен (болжол менен $2,75 млн) акча каражатын кайтарымсыз жардам катарында бермей болду. Бул тууралуу макулдашууга КР Каржы министри Адылбек Касымалиев менен Япониянын КР элчиси Ёсихиро Ямамура жана Кыргызстандагы Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү Казухико Кикучи кол коюшту. 

Бул жылы JDS программасынын Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарында иштеген 20 катышуучусу Япониянын алдыңкы жогорку окуу жайларына барып,  ар кайсы адистик боюнча магистр жана доктор даражасын алуу үчүн окуп келишет. 

JDS программасынын максаты – Кыргызстан өкмөтүнө кадрларды даярдоо жаатында жардам көрсөтүү жана Япония менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилени өнүктүрүү.